реклама
super.kg logo

Оогандагы этникалык кыргыздардын абалына байланыштуу Кыргыз өлкөсү эл аралык уюмга кайрылды

 

Кыргыз өлкөсү Ооганстандагы этникалык кыргыздардын абалына байланыштуу эл аралык коомго кайрылды. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматынан кабарлашты.


Министрликтин билдирүүсүнө караганда, 22-июлда Кыргыз өлкөсүнүн Бириккен улуттар уюмундагы жана башка эл аралык уюмдардагы туруктуу өкүлү Алмазбек Бейшеналиев Кызыл Крест жана Кызыл Жарым Ай коомунун федерациясынын башкы катчысы Жаган Чапаган менен жолугушту.

"Тараптар эки тараптуу кызматташтыктын артыкчылыктуу маселелерин, анын ичинде табигый кырсык коркунучун азайтууну, өзгөчө кырдаалдарга даярдыкты, саламаттыкты сактоону, миграцияны жана социалдык жардам чөйрөсүнө таасирин тийгизген өлкөдөгү уюштурулуп жаткан долбоордук иш-чараларды талкуулашты. Алмазбек Бейшеналиев Кыргыз өлкөсү менен федерациянын ортосундагы ар тараптуу кызматташууну чыңдоого өзгөчө маани берерин белгиледи. Ооганстандын Чоң жана Кичи Памирде жашаган этникалык кыргыздардын абалына байланыштуу маселеге токтолуп, туруктуу өкүл уюмдан тийиштүү жардам көрсөтүү мүмкүнчүлүгүн карап көрүүнү суранды. Өз кезегинде Жаган Чапаган уюм өз ишинин алкагында Кыргыз жергесине ар тараптуу техникалык, эксперттик жана гуманитардык жардам көрсөтүүнү улантууга даяр экендигин белгиледи. Мындан тышкары жолугушуунун жүрүшүндө кыргыз тарап белгилеп кеткен өнөктөштүктү тереңдетүү боюнча конкреттүү сунуштарды кылдаттык менен карап чыгууга даяр экендигине ишендирди", - деп айтылат билдирүүдө.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
176343;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2021 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: