Пандемияга байланыштуу дүйнөдө 800 миң бала ВИЧ инфекциясынан дарыланууга мүмкүнчүлүгү жок болууда

Бүгүнкү күндө пандемияга байланыштуу дүйнө жүзүндө ВИЧ инфекциясы менен жабыркаган 800 миңге жакын баланын дарыланууга мүмкүнчүлүгү жок. Ал эми бул илдеттен дарыланып жаткан балдардын саны алгачкы жолу төмөнкү көрсөткүчкө жетти. Бул тууралуу Бириккен улуттар уюмунун ВИЧ/СПИД боюнча программасынын отчётунда айтылгандыгы чет элдик басылмаларда жазылды.

Отчётто айтылгандай, 2020-жылы алгачкы жолу ВИЧ инфекциясына каршы дарылануудан 150 миң бала өткөн. Бул көрсөткүч уюмдун бекиткен көрсөткүчүнөн да жогору болгон. Ошондой эле эксперттер ымыркайлар арасында ВИЧтин алгачкы белгилери аныкталган учурлар азайгандыгы байкалганын айтышкан.

Жогоруда айтылган отчёттун авторлору ВИЧти жуктуруп алуу фактыларын азайтуу үчүн 3 негизги факторду атап өтүшкөн:

  • Биринчиден, кош бойлуу аялдардан ВИЧке анализ алып туруу маанилүү. Себеби өткөн жылы дүйнө жүзү боюнча 66 миң кош бойлуу аялдан ВИЧ аныкталган. Инфекцияны жуктуруп алганын билбеген айымдар балдарын эмизип, ымыркайга да бул ооруну жугузушкан;
  • Экинчиден, ВИЧ жуктуруп алган аялдарды үзгүлтүксүз дарылануудан өткөрүп, дарыгерлердин көзөмөлүндө болуусун камсыздоо керек. Өткөн жылы кош бойлуу аялдар толук кандуу дарылануудан өтпөгөндүктөн 38 миң ымыркай ВИЧти жуктуруп алышкан;
  • Үчүнчүдөн, кош бойлуу жана бала эмизип жаткан аялдардын ВИЧ жуктуруп алуу коркунучун азайтуу үчүн тиешелүү чаралар көрүлүшү керек. 2020-жылы бала эмизип жаткан же кош бойлуу аялдар арасында ВИЧ жуктуруп алуунун саны 35 миңди көрсөткөн.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан