"Токио-2020" жайкы Олимпиада оюндарындагы алгачкы алтын медалды ок атуу боюнча кытайлык спортчу Цянь Ян жеңди.
Ок атуу боюнча мелдешке жалпы 50 спортчу катышкан. Кытайлык спортчу алтын медаль тагынса, күмүш байгени орусиялык Анастасия Галашина, ал эми коло байгени швейцариялык Нина Коистен жеңип алды.
Бул мелдешке Кыргыз өлкөсүнүн атынан ок атуучу Каныкей Кубанычбекова катышып, 50 спортчунун ичинен 48-орунду ээлеп калды.