Ош шаарындагы батирлердин биринен 93 жаштагы аялдын жансыз денеси табылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан кабарлашты.
"23-июль күнү Ош шаарынын Исанов көчөсүндөгү көп кабаттуу турак үйлөрдүн биринде батирдин тургуну эшикти ачпай жаткандыгы тууралуу маалымат 112 кызматына түшкөн. Ош шаардык куткаруу кызматынын 4 куткаруучусу тартылган.
"Куткаруу кызматы аталган дарекке жеткен кезде, атайын куткаруучулардын шаймандарынын жардамы менен терезе аркылуу кирип, эшигин ичинен ачканда 1928-жылы туулган К.А.Е. аттуу аялдын жансыз денеси табылган", - деп билдиришти ӨКМдан.
Жансыз дене ИИМдин кызматкерлерине өткөрүп берилген.