"Токио-2020": Кыргыз спортчулары парадда бет капсыз басканы талкуу чордонунда калды

Япониянын борбору Токио шаарында өтүп жаткан XXXII жайкы Олимпиада оюндарынын ачылыш аземиндеги парадда Кыргыз өлкөсүнүн спортчулары бет капсыз парадда басканын чет элдик спорттук басылмалар көз жаздымда калтырган жок.

"Парадда бир эле кыргыз спортчусу бет кап тагынып, анын айланасында 15 кишиден турган делегациянын башка мүчөлөрү, анын ичинде эки желек көтөрүүчү бет капсыз чыгышты. Көп өтпөй эле Тажикстан курамасынын көпчүлүгү дагы дал ушундай көрүнүш менен бет капсыз парадга чыкты. Эки коңшулаш Борбор Азия өлкөлөрүнүн бул кадамы коронавирустан улам бир жылга кийинкиге калтырылып, өзгөчө кырдаал шартында өткөн парадда болду", - деп жазды Returs спорттук басылмасы.

Парадда көпчүлүк өлкөнүн спортчулары бет кап кийип алып басканын кошумчалаган аталган басылма.

Ачылыш аземдеги парадда өлкө желегин ок атуучу Каныкей Кубанычбекова менен суучул Денис Петрашов көтөрүп чыккан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
TIMON_BERKOWITZ
2021-07-24 12:25:35
Кыргыз коронавирустан коркпойт, кыргыз кыргыздан коркот!
+7
Dembele84
2021-07-24 13:30:06
Жон журбойт экенбиз да,бир балээнин башынан чыгып турбаса болбой калат го
+4
patriot.kg94
2021-07-24 15:26:37
Тажиктер да бизди туурап чыгыптыр да )))
+2
akmanai
2021-07-24 22:33:59
Жоопкерчилик деген биздин элге ото жат нерсе
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан