Коңшу Казакстандын Уральск шаарындагы көп кабаттуу үйдүн дубалы менен газ түтүктүн ортосуна жылаңач адам кыпчылып калды. Бул тууралуу аталган өлкөнүн өзгөчө кырдаалдар кызматына таянуу менен жергиликтүү басылмалары жазышты.
Маалыматка ылайык, өзгөчө кырдаалдар кызматынын куткаруучулары жылаңач адамды куткаруу үчүн барышкан.
"Жылаңач адам көп кабаттуу үйдүн дубалы менен газ түтүгүнүн ортосунда, биринчи жана экинчи кабаттардын ортосунда тыгылып калды деген чакыруу саат 06:13тө түшкөн. Куткаруучуларга мас адамды куткаруу үчүн жарым саатка жетпеген убакыт талап кылынган", - деп билдирген өзгөчө кырдаалдар кызматы.
Ал эми полиция кызматы бул окуя тууралуу комментарий берген эмес.