Кечээ, 24-июлда Токио шаарында өтүп жаткан XXXII жайкы Олимпиада оюндарында жалпы 11 комплект медал топтому ойнотулду.
Медалдык эсепте лидерликти 3 алтын жана 1 коло медалы менен Кытай курамасы алды. Жадыбалда кийинки орунда Япония 2 алтын, 1 күмүш медалы менен экинчи орунга жайгашса, АКШ 1 алтын, 2 күмүшү менен үчүнчү орунга жайгашты.
Токио Олимпиадасы 2020-жылдын 24-июлунан 9-августуна чейин өтүшү керек болчу. Пандемияга байланыштуу мелдеш бир жылга жылдырылып, эми 2021-жылдын 23-июлунан 8-августуна чейин өтүүдө.
Олимпиадага Кыргыз өлкөсүнүн атынан 16 спортчу катышууда.