Өлкө башчы Садыр Жапаров менен Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиевдин тоодо эс алып отургандагы сүрөтүн Камчыбек Ташиевдин жардамчысы Өткүрбек Рахманов социалдык тармактагы баракчасына жарыялады.
Сүрөт качан жана кайсы жерде тартылганы азырынча белгисиз. Сүрөттө өлкө башчы менен УКМКнын башчысы суу жээгинде сүйлөшүп отурганын көрүүгө болот.
Буга чейин мурдагы айыл чарба министри Тилек Токтогазиев Камчыбек Ташиев менен Садыр Жапаров бийликти өз ара бөлүшө албай жатканын айтып чыккан.