Врачтар 2 жашар баланын электр эт туурагычына кирип кеткен колун сактап калышты

Балдардын ооруканасына колу электр эт туурагычына кирип, чыкпай калган 2 жашар баланы алып барышкан эле. Врачтар жардамга «161» кызматынын куткаруучуларын чакырышкан. Бирок аларда керектүү аспап, шаймандары болбогондуктан, оорукананын врачтары өздөрү травматологияда колдонуучу шаймандары менен эт туурагычты сындырышкан. Колду чыгарар менен баланы операциялык бөлүмгө алып жөнөшкөн, анткени кандын көп кетишинен коркушкан. Жабыркаган колдогу кан тамырларды, тарамыштарды, нервдерди калыпка келтирүүгө 2 сааттан ашык убакыт кеткен. Эң башкысы, баланын колун сактап калышты. Хирургдардын сөзүнө караганда, алар колдун сынган сөөктөрүнө тийишкен эмес, сыягы, сөөктөрдү калыбына келтирүү үчүн дагы операция жасалат. 

Медиктердин маалыматына караганда, Эмирхандын апасы электр эт туурагычына эт тартып жаткан. Бала анын жанында ойноп жүргөн. Апасы бир мүнөткө ашканага баш бага калганда, бала колун эт туурагычка салып жиберген. Баласынын чыңырганынан улам келген апа эт туурагычты өчүргөнү менен, уулунун колун чыгара албай койгон. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (8)
muslimkg
2013-10-30 10:55:35
Ошол жаш баланын ордуна Мчстердин колу кирип кетпептир((шайманыда жок барабы
+1
Shai
2013-10-30 11:08:33
muslimkg, МЧС эмес апасынын колу кирип кетпептир ошол эт тарткычка. Карабайбы баланы баланын убалына калатко.
0
belya
2013-10-30 10:59:15
Дарыгерлерге алкыш айтам!
0
KAREGLAZAYA_VOLCHICA
2013-10-30 11:02:54
Аз да болсо Кыргызстанда ушундай акчага сатылбаган дарыгерлердин бардыгы суйунтот. Ийгилик силерге. Аллах колдосун силерди.
0
Kumushtoi
2013-10-30 11:21:16
кудай сактаптыр тобооо
0
Asus84
2013-10-30 12:42:13
байкуш балакай жаны оорудуго
0
Bagirra
2013-10-30 21:07:51
Бул да айтылбас кырсык да, кайсыл эле эне өз баласын жабыркасын десин.
Эми апасынын жүрөгүндө чоң так калды да.
Азыр техника деген тир шумдуктар да көбөйбөдүбү, пайдасынан зыяны көп
0
tynara81
2013-10-31 11:55:31
Бир жагынан кырсык, бир жагынан шалаакылык да. Эт туурагычты иштеткен бойдон баланы калтырып кирип кетпеш керек эле. Айыгып кетсин эми, байкуш ай.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан