Бостериде көлгө 24 жаштагы жигит чөгүп кетти

Бостери айылында көлгө 24 жаштагы жигит чөгүп кетти. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан кабарлашты.

"Бостери айылында көлгө 24 жаштагы эркек киши чөгүп кеткен. Маалымат түшөр замат жерине Ысык-Көл райондук №31 ӨКБдан 5 куткаруучу тартылып, издөө иштеринин натыйжасында жансыз денеси табылып, "Тез жардам" кызматкерлерине өткөрүп берилген", - деп билдиришти ӨКМдан.

ӨКМ жарандардан сууга түшүү эрежесин сактоону суранат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан