Чолпон-Атада BMW 735 унаанын айдоочусу жасалма номер менен кармалды

Чолпон-Ата шаарында жүргүзүлгөн рейддик иш-чаралардын жүрүшүндө кара түстөгү BMW 735 үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу Орусиянын мамлекеттик номери менен кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен кабарлашты.

"Документтерди текшерүү учурунда К.Р. аттуу жаран жасалма мамлекеттик номерлүү унааны айдап жүргөндүгү аныкталган. Кармалган жаран Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгына өткөрүп берилген. Мындай учурларда 173-берененин 1-бөлүгүнө ылайык (унааны жасалма мамлекеттик каттоо белгилери менен айдоо) айып пул 20-30 миң сом өлчөмүндө белгиленген", - деп жазылат билдирүүдө.

Эгерде тергөө иш-чараларынын жүрүшүндө, бул мамлекеттик автоунаа номери жасалма болуп чыкканы аныкталса, анда айып пул 30 миңден 60 миң сомго чейин каралган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан