Жамалбек Ырсалиев: "Балбак досумдун монорельсин сала албасак дагы машина жасашыбыз керек"

SUPER.KG порталынын #ГалстукТар долбоорунун кезектеги коногу Бишкек шаарынын вице-мэри Жамалбек Ырсалиев болду.

Анда ага "Эгемендүү республиканын борбору болгон Бишкек шаарын мындан ары өнүктүрүп кетүүгө кандай пландар бар?" деген суроо берилди.

"Ойлогон ойду кыстаган турмуш жеңет дегендей, шаарды өнүктүрүүгө келгенде каражат жагынан кыйналып калып жатабыз. Бирок биз кол куушуруп дагы отуруп калбашыбыз керек. Азыр мэрдин милдетин аткаруучу Бактыбек Кудайбергенов менен бирге чоң максаттарды коюп баштап жатабыз. Шаарды өнүктүрүп кетиш үчүн биринчи элди ойлошубуз керек. Биринчи шаардын экологиясына көңүл бурушубуз керек.

Учурда 430 миң унаа шаарда жүрөт. Биз жол тыгынын пайда кылбаш үчүн айланма жол курушубуз керек. Балбак досумдун (ред: Түлөбаев) монорельсин кура албасак дагы машинаны жасашыбыз керек", - деди Ырсалиев.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан