
Кыргыз өлкөсүнүн Орусиядагы элчилигинин консулдук кызматкери менен Орус жаранынын ортосунда чыр чыгып, окуя боюнча териштирүү иштери башталды. Ошол эл учурда консулдуктун кызматкери жарандын үстүнөн арыз жазды. Бул тууралуу элчиликтин маалымат кызматынан кабарлашты.
Мекеменин маалыматына ылайык, 24-июлда Кыргыз жаранына консулдук кызматтарды көрсөтүү учурунда аны коштоп жүргөн адам консулдуктун кызматкерлери менен атайылап чагым кылуу аракетин жасап, кырдаалды курчуткан. Ага бир нече ирет кабинкадан чыгып кетүү эскертилген. Бирок коштоп келген жаран элчиликтин кызматкерлерин мазактап, жаман сөздөр менен сөгүп баштаган. Натыйжада консулдук бөлүмдүн имаратынан күч менен чыгарууга туура келген. Андан ары укук коргоочуларга өткөрүлүп берилген.
"Териштирүүлөрдүн жүрүшүндө ал Орусиянын жараны экени белгилүү болду. Ошол эле учурда электрондук базада анын кыргыз паспорту дагы бар экендиги аныкталды. Консулдук кабыл алууну жүргүзгөн элчиликтин кызматкери Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Орусиядагы өкүлчүлүгүнө жана Орусиянын укук коргоо органдарына аталган жаранга карата чара көрүү боюнча арыз менен кайрылды. Бул окуя боюнча кызматтык иликтөө жүрүп жатат. Элчиликтин консулдук бөлүмүнүн кызматкери тарабынан мыйзам бузуу фактылары тастыкталган учурда тиешелүү чаралар көрүлөт", - дешти мекемеден.