Кечээ, 25-июль күнү Талас облусуна караштуу Кара-Буура районунун Кызыл-Адыр айылындагы Киров суу сактагычына 1994-жылы туулган эркек киши чөгүп кетти. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, жерине издөө иштерин жүргүзүү үчүн ӨКМнын 3 куткаруучусу тартылып, саат 20:47де жарандын жансыз денесин суудан табышып, ИИМ кызматкерлерине өткөрүп беришкен.