Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев 2020-жылдын 9-октябрындагы массалык баш аламандыкты уюштурганга шектелип жатканы кабарланган. Ички иштер министрлигинен экс-президент кылмышка шектелип жатканы, ага билдирүү берилгендигин тастыкташты.
Маалым болгондой, министрликтин тергөө кызматы былтыр 9-октябрда "Ала-Тоо" аянтында орун алган массалык башаламандык боюнча сотко чейинки иликтөө иштерин жүргүзүүдө.
"9-июлда мурдагы президент Алмазбек Атамбаевге "массалык башаламандык" беренесинин негизинде шектүү катары билдирүү жөнөтүлдү. Учурда тергөө иштери жүргүзүлүүдө", - дешти маалымат кызматынан.