Талас облусунда эки унаа сүзүшүп, кырсыктын кесепетинен 4 эркек жана 3 аял жабыркады. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, Кара-Буура районунда Талас-Тараз унаа жолунун (Кичи Кировка айылы) 53-чакырымында Ауди С-4 жана Фольксваген Пассат унаалары сүзүшкөн.
Жерине 4 куткаруучу тартылган, куткаруучулар жабыркаган жарандарды унаадан чыгарып "Тез жардам" кызматкерлерине өткөрүп беришкен.