Биз социалдык тармакта

"Чоң жыйынтык көрсөтүүгө даяр болчумун". Олимпиада оюндарында 48-орунду ээлеген Каныкей Кубанычбекова кыргыз элине ыраазычылык билдирди

24-июль күнү ок атуучу Каныкей Кубанычбекова "Токио-2020" жайкы Олимпиада оюндарындагы оюнун жыйынтыктады.

Кыргыз ок атуучусу Олимпиадада 612,8 упай топтоп, 50 спортчунун ичинен 48-орунду ээлеген. Муну менен Каныкей Кубанычбекованын жайкы Олимпиада оюндарындагы жүрүшү токтоду.

Кубанычбекова Олимпиадада көп тажрыйба топтогонун айтып кыргыз элине ыраазычылык билдирди. Бул тууралуу видео билдирүү жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктин расмий баракчасында жарыяланган.

"Алгачкы Олимпиадам, мелдеш жакшы деңгээлде өттү. Жакшы, чоң жыйынтык көрсөтүүгө даяр болчумун, бирок жакшы жыйынтык көрсөтө алган жокмун. Олимпиададагы алгачкы катышуум болгондуктан көп тажрыйба, келе жаткан мелдештериме жаңы мотивация алдым. Буюрса, сентябрь айында боло турган Азия чемпиондугуна даярдыктарды бүгүндөн баштадым.

Кыргыз элим, жерим колдооңуздарга чоң рахмат. Ар бир мүнөт сиздердин колдооңуздарды сезип жаттым жана ишеничиңиздерди актоого аракет кылам", - деп билдирген Кубанычбекова.

Белгилей кетсек, Каныкей Кубанычбекова "Токио-2020" жайкы Олимпиада оюндарынын ачылыш аземиндеги парадда Кыргыз өлкөсүнүн желегин көтөрүп чыккан.



РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (9)
Dembele84
2021-07-26 13:52:47
Болду эми актана бербей кийинки оюндарга тренировка кыл!
+4
Samash-87
2021-07-26 14:20:07
Жоголчу нары былжырап, кайра-кайра чыга бербей.
-9
futboler
2021-07-26 17:04:58
Samash-87,ажаан катындай беттен албай оор бол, ал жакка деле ар ким бара бербейт. Менмин деген күчтүү спортчулар гана барат. Али жаш экен, балким тажрыйбасы аздык кылгандыр. Кийинки мелдештерге ийгилик каалап, колдоп коюу ошончолук эле кыйынбы.
+1
ZALKARBEK.84
2021-07-26 15:02:25
Жоо кеткен сони мылтыгынды ташка чап.
-3
bond02
2021-07-26 15:19:03
Кой сенден умут жок экен.
-2
Nurik1988
2021-07-26 15:35:21
Молодец алга
+4
Reebok-citi
2021-07-26 16:59:50
Молодец ийгилик каалаймын олимпиадага баруу чоң сыймык кийинки ойундарда жакшы ийгиликтерге жетесин деп үмүт кылабыз
+3
bond0202
2021-07-26 19:17:49
Жаш кыз экен,келечеги алдыда.ийгилик каалайбыз!
+3
supish2017
2021-07-26 19:43:35
Тааныш билиш кылып эптемейлер барса ушундай болот да.
Өлкөнүн акчасына ойноп.
Артынан коло медаль алыптыр да..
-4
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан