Биз социалдык тармакта

Чолпон-Ата шаарындагы мамлекеттик резиденцияда 112 миллион сомго жыйындар залы курулууда

Кыргыз өлкөсүнүн Чолпон-Ата шаарындагы №2 мамлекеттик резиденциясында эки айдан бери жыйындар залы курулуп жатат. Бул тууралуу бүгүн, 26-июлда Жогорку Кеңештин Бюджет жана финансы боюнча комитетинин отурумунда белгилүү болду.

Долбоордун жалпы суммасы 112 миллион сомду түзөт. Экономика жана каржы министринин орун басары Мирлан Байгончоков аны жарым-жартылай Орусия каржылаганын айтты.

Ал эми президенттин жана министрлер кабинетинин иш башкармалыгынын башчысынын орун басары Тилек Батырканов жыйындар залы 15-августта пайдаланууга берилерин кошумчалады.

"Кыргыз өлкөсүнүн Чолпон-Ата шаарындагы №2 мамлекеттик резиденциясында конференц-залдын курулушуна, телекоммуникациялык жабдууларды жана видеобайкоо жабдууларын сатып алууга кошумча 24 миллион 500 миң сом каражат керек болуп жатат.

Жыйындар залы 300 кишиге ылайыкталган. Бул Бишкектеги "Ала-Арча" резиденциясындагы конгресс-холл сыяктуу болот", - деди Тилек Батырканов депутаттардын суроолоруна жооп берип жатып.

Жыйынтыгында депутаттар келишимди ратификациялоону жактырышты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан