Жогорку Кеңештин мурдагы спикери Дастанбек Жумабеков Талас облусунун көк бөрү федерациясынын башчысы болду. Бул тууралуу SUPER.KG порталына көк бөрү федерациясынан тастыкташты.
Билдирүүгө ылайык, облустук федерациянын башчылары облустук командалар тарабынан шайланат. Буга республикалык федерация кийлигише албайт. Талас облусунун көпчүлүк көк бөрү командалары Дастанбек Жумабековдун талапкерлигин колдошкон.
Буга чейин облустук федерацияны ишкер Жылдызбек Музуратбеков жетектеп келген.
Дастанбек Жумабеков Жогорку Кеңештин депутаты. Ал парламентти 2017-2020-жылдары жетектеген.