Англиянын Чыгыш Йоркшир аймагында экинчи дүйнөлүк согушка таандык жарылбай калган чоң көлөмдөгү бомба табылды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, бомба курулуш иштери жүрүп жаткан аянтчада жумушчулар тарабынан табылган. Курулуштун жетекчиси Жон Шарптын айтымында, бейшемби күнү иш учурунда жумушчулардын бири казуу иштерин жүргүзүп жатып белгисиз бир нерсеге туш болгон. Алгач аны темир түтүк болсо керек деп ойлоп, бирок бомба экенин түшүнгөндө дароо ал жерди таштап качышкан.
Учурда тиешелүү кызматтар тарабынан бомба ийгиликтүү жок кылынды. Бомбаны жоготуу учурунда бардык жолдор жабылып, тегеректеги тургундар эвакуацияланган. Ошондой эле иликтөөнүн жыйынтыгында бомба 227 килограмм салмакта экендиги аныкталды. Ал экинчи дүйнөлүк согушта Авро Ланкастер учагынан түшкөнү божомолдонууда.