"ЭЛДИК КАБАР" бөлүмүнө Ош облусунун Кара-Суу районунун Папан айылынын тургуну кайрылды. Ал жаңы шайланган айыл өкмөтүнүн башчысы мамлекеттик мөөрдү жанына алып жүрбөй, кимдир-бирөөгө берип койгонуна нааразы экендигин билдирди.
"Папан айыл өкмөтүнө жаңы шайланган башчы айыл өкмөткө тиешелүү мөөрдү (печать) айыл өкмөттө иштебеген тургунга берип койгон. Ал Ош шаарында жашагандыктан айыл эли мөөр бастырыш үчүн атайын 40 чакырым жол басып, Ош шаарына келип мөөр бастырып кетип жатышат. Кыскасы, айыл өкмөттүн мөөрү көчөдө эле ар кимге басылып жатат.
Мамлекеттик ишкананын мөөрү көчөдө эле басыла берсе болобу? Ошондой эле айыл өкмөттө иштебеген жаран деле көтөрүп жүрсө боло береби?" - деп кайрылды окурман.
Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.
Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.