Чүй облусунун Аламүдүн районунда аялын бычактап өлтүргөнгө шектүү делинген 38 жаштагы киши өз өмүрүнө кол салганга аракет кылды. Маалыматты Чүй ОИИББинин маалымат кызматынан кабарлашты.
Белгилүү болгондой, бүгүн, 26-июлда саат 07:23 чамасында Ак-Жар айылында аял киши бычактан жаракат алгандыгы туурасында милицияга билдирүү түшкөн.
"Жерине барган ыкчам топ 1986-жылы туулган келиндин жансыз денесин аныкташты. Маркум киши колдуу каза болгону, алдын ала бычакталганы белгилүү болду. Ошондой эле келиндин жанында 1983-жылы туулган эркек кишинин жатканы аныкталды. Алдын ала маалымат боюнча, ал дагы бычактан жаракат алган. Ал ооруканага жеткирилди.
Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине 130-берене менен катталып, тиешелүү экспертизалар дайындалды. Алдын ала маалымат боюнча, күйөөсү жубайын өлтүрүп, андан соң өз жанын кыюуга аракет кылгандыгы белгилүү болду", - дешти мекемеден.