Социалдык тармактарда дарыяга жуунганы үчүн жергиликтүү тургундун ур-токмогуна кабылган аялдын видеосу тарады. Анда аял башка бир аялды эл суу ичкен дарыяга жуунганы үчүн ур-токмокко алып, ал тургай кийимин чечип салганын көрүүгө болот.
Өзбекстан ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматынын берген маалыматына караганда, окуя Ташкент облусунун Паркент районунда болгон. Анда жергиликтүү тургун аялды ошол аймактан агып өткөн Кызыл-Сой дарыясына жуунгандыгы үчүн ур-токмокко алып, кийимин чечип салган. Ошондой эле жабырлануучуну ошол дарыядан суу ичүүгө мажбурлагандыгы айтылат.
Учурда бул боюнча кылмыш иши козголду.