Чүйдөн Орусияга баңгизатын ташып жүргөн кылмыштуу топ кармалды

ИИМдин баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматы баңгизаттарды сатуу менен алектенген туруктуу каналына бөгөт койду. Бул тууралуу аталган кызматтан билдиришти.
Маалыматка ылайык, кылмыштуу топ баңгизатты Чүй облусунан Орусия Федерациясына ташып турушкан.
Алынган маалыматтар боюнча, жүргүзүлгөн тергөө амалдарынын жана ыкчам иш-чараларынын натыйжасында, 1979-жылы туулган Р.Н. аттуу жаран кармалган.Тинтүү жүргүзүү учурунда шектүүнүн жашаган үйүнөн 762 даана таңгакталган баңги каражаттары алынган. Мыйзамсыз жүгүртүүдөн 8 килограмм 930 граммды түзгөн гашиш баңги заты алынган.
Аталган факты боюнча сотко чейинки өндүрүш жүрүүдө. Учурда бул кылмышка тиешеси бар башка жактарды аныктоо боюнча тергөө-ыкчам иш-чаралары улантылууда.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан