Бишкек шаарындагы ресторандардын биринин ээсинен уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү тарабынан 20 миң АКШ долларын пара талап кылуу фактысы боюнча Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган сотко чейинки өндүрүш иши териштирилип жатат. Бул тууралуу УКМК кабарлады.
Бул факт боюнча, 2021-жылдын май айында 10 миң АКШ долларын алып жаткан жеринен уюшкан кылмыштуу тобунун эки мүчөсү И.Р.М. жана М.Р.А. кармалган.
2021-жылдын 24-июлунда ыкчам издөө иш-чараларынын натыйжасында Бостери айылдагы конок үйлөрүнүн биринде бул кылмыштын башкы уюштуруучусу Б.М.М. кармалып, КР УКМКнын тергөө камак жайына киргизилген.
Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.