Ооганстанда 10 жыл ичинде радикалдуу "Талибан" кыймылынын согушкерлеринин чабуулдарынан улам адам өлүмүнүн рекорддук көрсөткүчү катталышы ыктымал. Бул тууралуу Бириккен улуттар уюму билдиргенин чет элдик маалымат булактары жазып чыгышты.
Уюм аталган көрсөткүчтөргө байкоо жүргүзүү башталгандан бери адам өлүмүнүн тездик менен өскөнү байкалганын белгиледи. БУУнун отчётуна ылайык, 2021-жылдын биринчи жарымында эле 1600дөн ашык Ооган жараны каза болуп, 3 миңден ашыгы жаракат алган. Бул көрсөткүч 2020-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 47 пайызга көп экендиги белгиленди.
Өлүмдүн эң жогорку көрсөткүчү быйылкы жылдын май жана июнь айларында катталган. Уюмду тынчсыздандырган жагдай курман болгондордун дээрлик жарымы аялдар жана жаш балдар экендиги айтылды.
БУУнун Ооганстандагы жардам миссиясынын башчысы Дебор Лайонс Ооганстандагы кырдаал турукташпаса, өлүмдүн саны дагы да жогорулашы мүмкүн экендигин эскертти.
"Зордук-зомбулук токтобосо быйыл болуп көрбөгөндөй Ооган жараны каза болот жана майыптыкка учурайт. Мен талибдерден жана Ооган лидерлеринен жаңжалдын коркунучтуу жагдайларын жана карапайым элге тийип жаткан кесепеттерин эстен чыгарбоосун суранат элем", - деди Дебор Лайонс.
Белгилей кетсек, АКШ аскерлерин Ооганстандын аймагынан расмий түрдө чыгарып кеткенден баштап радикалдуу "Талибан" кыймылынын согушкерлери менен өкмөттүк күчтөрдүн ортосундагы тирешүү токтобой келет.