Жириновский мигранттарды Сибирге жөнөтүүнү сунуш кылды

Улуттар аралык жаңжалдан алыс болуу үчүн Орусияга иштөө үчүн келген мигранттар биринчи кезекте Ыраакы Түндүк, Ыраакы Чыгыш же Сибирге барышы керек. Мындай пикирин Орусиянын Либералдык-Демократиялык партиясынын башчысы Владимир Жириновский айткан. Бул тууралуу орусиялык басылмалар жазышты.

Маалыматка ылайык, Жириновский орус улутундагы адам Сибирге барбайт деп эсептейт, анткени көчөдө жуунуучу жай же даараткана жок.

"Бирок көчөлөрдө мушташ уюштуруп келген мигранттар мындай сапар үчүн ылайыктуу", - деген ал.

Ошол эле учурда Жириновский Орусияда мигранттардын таптакыр жок болушун каалагандыгын билдирген.

Буга чейин Жириновский Борбор Азия өлкөлөрүнөн жана Украинадан 20 миллион орус улутундагы адамдарды кайтарып алууну сунуш кылган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (13)
kkkk3259780
2021-07-27 05:37:12
орускулдар не дейсинер эми..
+4
Rusi79
2021-07-27 15:08:18
kkkk3259780,Ал не деген орускул,мигрантар сени багып жатат,кичине бизнесинер журуп калса мурдунар асманды карап жерде баспай каласынар керек болсо мигрантардан акча келбей калсын беле бир жылда эшеке минип каласынар,Жирик айта берет нам не холодно не жарко.
+6
Shbdn
2021-07-27 06:17:46
Бул Жириновский олбоду же калбады улутчул.мигранттар жок болсо орустар бөгүн мыжыгып калат.ушул сөздөргө да намызданбай биздин атка минер соройлорубуз жүрбөйбү кресло талашып.озубуз эле өлбөстүн деп элди ойлобой.жигит болсонор ушул сөздөрдөн кийин намызданып асынып өлүп эле калсаңар болмок бийлик башындагылар.
+12
algakaray
2021-07-27 07:21:33
Эч жакшы соз айтпайт да бу неме. Москвада офисте иштешсин деп айтмак беле.
+7
Dembele84
2021-07-27 09:44:32
Оозуна алы жетпей канча жылдан бери мигранттарга асылып журот.Бирок андан эч толк чыкпайт,себеби оозу сайраганы менен иш жузундо аны эч ким аткарбайт.
+9
Apyn8793
2021-07-27 10:01:11
Бул алжыган абышканы укпай эле койгула. Кичинесинде мигранттардан коп запкы тартса керек да
+12
TIMON_BERKOWITZ
2021-07-27 10:46:41
Apyn8793, мигранттар убагында тонкойтуп кетишкен)))
+8
tilek121277
2021-07-27 12:11:59
TIMON_BERKOWITZ,точно ошондой го бир болсо дайым эле мигранттарга асылганы асылган
+3
NURSAPAR
2021-07-27 11:23:34
Шут гороховый.
+3
surgeon777
2021-07-27 12:33:57
Бул еврей орустардыкын деги эле ###### буто албады)
+3
munduz2016
2021-07-27 19:12:22
Ал айта берет .Анын айтканы эч качан аткарылган эмес жана аткарылбайт дагы.Мигранттар бар экен Россия болуп турат. Мигрантсыз элестетүү кыйын.
0
Stervashka
2021-07-27 19:50:15
Жириновский озу Казакстанда торолуп осконго ,неге анчалык жаман корот мигранттарды.Казактардан коп кордук коргон го сыягы.
+2
nazira...
2021-07-27 20:22:27
Депорт кылганы деле жетишет.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан