Бразилиядагы үшүктүн айынан кофенин баасы кыйла жогорулашы мүмкүн

Бразилиядагы аба ырайынын тез арада төмөндөп кетиши көптөгөн кофе дарактарын зыянга учуратты. Бул нерсе өз учурунда келээрки жылдагы түшүмдү азайтып, кофенин баасынын жогорулашына себеп болушу мүмкүн. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.

Маалыматка ылайык, 20-июль күнү Бразилиянын бир катар аймактарында үшүк жүргөн. Эксперттердин айтымында, аба ырайынын мындай төмөндөшүнө жооп катары кофенин баасы 13 пайызга э жогорулайт. Бул баа акыркы алты жарым жылдагы эң жогорку чек. Дүйнөдөгү эң ири кофе өндүрүүчүлөрүндө жаралган күтүүсүз жагдай өз учурунда дүйнөлүк базарга да таасирин тийгизет.

Эске салсак, батыш жарым шарында жайгашкан өлкөлөрдүн айыл чарбасы жыл сайын аба ырайынын ар кандай өзгөрүүлөрүнөн жапа чегип келет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан