Түштүк Африка Республикасына акыркы жарым кылымдан бери биринчи жолу кар жаады. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Аталган өлкөнүн бир катар аймактарында абанын температурасы -10 градуска чейин төмөндөдү.
Температуранын мындай рекорддук төмөнкү көрсөткүчү өлкөнүн 19 жеринде катталды. Метеорологдор мындай суук аба ырайы Түштүк Африка Республикасына Антарктидадан келип жатканын айтышты.