Алайда 16 жаштагы Айза Кубаткулова изделет

Ош облусунун Алай райондук ички иштер бөлүмү 2005-жылы туулган Миязды айылынын тургуну Айза Кубаткулованы издейт. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, ал 2021-жылдын 22-июль күнү саат 10:30 чамасында жашап жаткан үйүнөн чыгып кеткен бойдон кайрылып келген эмес.

Өзгөчө белгилери: Бою 150-155 сантиметр, кара тору, чачы узун, тармал, кара түстө, көздөрү кара.

Кийимдери: Ак түстөгү футболка, кара шым, кызгылт көк баштык көтөрүп жүргөн.

Айза Кубаткулованы көрүп, билгендер болсо төмөнкү номерлерге чалып коюуну милиция кызматкерлери өтүнөт.

Байланыш телефону; (03234) 5-14-72, (03222) 4-63-50, 0773 03-92-12, 0557 54-00-30.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан