Германия калкынын дээрлик жарымы коронавируска каршы эмдөөдөн өттү

Германиянын жашоочуларынын жарымына жакыны коронавируска каршы эки жолудан эмдөө алышты. Бул тууралуу дүйшөмбү күнү аталган өлкөнүн саламаттыкты сактоо министри Йенс Шпандын билдиргенин чет элдик басылмалар жазышты.

"41 миллион 100 миң жараныбыз (жалпы калктын 49,4 пайызы) вакцина аркылуу толук коргоого алынды. Ал эми 50 миллион 600 миң адам жок дегенде бир жолудан эмделишти", - деп билдирген министр Твиттер баракчасы аркылуу.

Ошондой эле 12 жаштан 17 жашка чейинкилер арасында 800 миңге жакын жаран эмделгенин кошумчалады. Бул ушул курактагылардын 18,4 пайызын түзөт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан