"Жүзүмдөрдү дарыяга төгүп салышкан". Баткенде өздөрүн элдик кошуун деп атап, айдоочуларды зыянга учураткан 6 жаран суракка чакыртылды

Баткен облусунда өздөрүн элдик кошуун деп атап, жүзүм, алма алып келе жаткан айдоочуларды зыянга учураткан топ суракка чакыртылды. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

"Баткен районунун Ак-Татыр айылында Ош-Исфана жолунда элдик кошуундардан түзүлгөн топ 21-июль күнү болжол менен саат 13:30 чамасында Исфана багытын көздөй бара жаткан Mercedes-Benz Sprinter үлгүсүндөгү унааны токтотушкан. Унаа токтобой кеткенде артынан Ауди унаасы менен Ак-Татыр айылынын 4 тургуну кууп барып унааны токтотушкан. Унаада Бишкектеги "Дордой" базарынан Лейлек районуна алып бара жаткан кийим-кечелер болгон. Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине "бейбаштык" беренеси менен катталып, текшерүү иштери башталган.

Ошондой эле Лейлек районунун Арка-2 айылынын 32 жаштагы К.А. аттуу тургуну 24-июль күнү өзүнүн Mercedes-Benz Sprinter унаасына 600 килограмм жүзүм, 600 килограмм алма жүктөп, Бишкек шаарына бара жатканда элдик кошуундар унааны токтотуп, жемиштер Тажик Республикасынан аткезчилик жол менен бара жатат деп айдоочуну сабап, жүзүмдү дарыяга агызып жиберишкен. Бул факты дагы каттоого алынып, териштирүү башталган.

Ушундай эле факты 24-июлдан 25-июлга караган түнү Ош-Исфана жолунда элдик кошуундар 35 жаштагы айдоочуну токтотуп, унаанын ичиндеги 2 жарым тонна жүзүмүн "аткезчилик жол менен алып келе жатасың" деп Хёндай-Портер үлгүсүндөгү 2 унаага жүктөп, жүзүмдөрдү жок кылып салышкан. Бул факты дагы каттоого алынып, Ак-Татыр айылынын 6 тургуну Баткен РИИБине суракка чакыртылган", - деп жазылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (15)
bessmertiy
2021-07-27 00:01:41
Келесоолор
-6
aizira
2021-07-27 00:09:47
Акмактар! Айбандар!
-9
Abdalimov-Mili
2021-07-27 00:25:29
Менимче аларда бир нерсени билип кылгандыр ошол жердегилер билет да каяктан каяка баратканын. Ал жерде местныйлар баарын коруп турушат айылда ким не кылып турганан баары эле билешетго дейм. Неге туну алып отушот че то подозрительный жукго деп ойлойм.
+25
Kubanych.1993
2021-07-27 00:35:17
Ассалам алейкум кыргыз элим.мен Актатыр айылынын тургуну катары маалымат берип кетейин.Бул Таджикистандан чыккан жук контрабанда жузумдорду тогуп Салбай еле милициялар алып кетишкен. Ушуну шылтоо кылып элдик кошуунду жойуп салалы деп жатышат. Акча учун Элин саткан саткындар Тажике барып эле жашагылачы сураныч. Тушунбой еле келесоо айбан деп айтпагылачы алыста туруп сураныч.
+21
bek.94
2021-07-27 00:40:57
Ушинтесиңер да же күч органдары жакшы карашпай акчасын алып коюп жибересиңер контрабандистерди
+13
Kubanych.1993
2021-07-27 00:42:46
Лейлек элим. Уйунорду куйгузуп кочодо калдык. Тажиктин мыйзамсыз товарын ташыган кайра еле озунор. Хватить да еми. Тажадык таджик менен озубуздун бийлик менен тиреше берип. Акча учун намысты саттыкго. Мекен деген жигиттерди сындырып жатышат.
+14
Kombi
2021-07-27 01:32:15
Дагы тузушсун элдик кошун сынбагыла, жоон эле тозбойт подозрение бар. Пусть Таджик бир сезон пайда табпайле каласын Кыргызстандан
+14
ulanbek2000
2021-07-27 02:38:12
Хахаха патриотмун деп . Кыргыздын жүгүн дагы Тажиктики кылып алышкан акмактар
-8
Mister-XXX
2021-07-27 21:00:47
ulanbek2000,Сен кайдан билесин?Олгондо кулосун.
0
zam81
2021-07-27 05:57:47
Канча адам олду кок мээлер экенго тажиктин жузмун жебесек олбойбуз
+9
zam81
2021-07-27 05:59:29
Ташыганын токтотподуго кече эле кордук кордум дегендер жан талашып тажиктин содаасын кылдырып жатат
-2
nargiz-sa
2021-07-27 10:55:14
Ошол үчүн атайын органдар иштеш кк, бирок бизде аларга ишенич жок да ошол үчүн баш аламан ишенимден кетишкен
+2
Rifle_I
2021-07-27 13:07:44
Башталды. Эми контрабанда кайрадан күч алат.
Баткен эли өзүңөр тадиктердин мөмө жемишин ташып жатсаңар биз биякта жөн эле отурушубуз керек.
+1
Korgon-Korgon81
2021-07-27 16:22:56
Бул жерде контрабанданы шефтер оздору жасагысы бар ошон учун элдик кошунду жоготуш керек элдик кошунду жок кылса оздору жузум болобу бензин болобу карочи ата енесин сатканга чейин барат биздин шефтер
+2
Mister-XXX
2021-07-27 21:02:27
Элдик кошуун тузулсун!Дагы коп адам чыксын.Башка областтын адамдары фонд ачып,элдик кошуунду каржылаш керек.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан