Жалал-Абадда төкмө акын Абдыкайым Ашымбаевдин отчёттук кечеси өтөт

Бүгүн, 30-октябрда Жалал-Абад шаарындагы Токтосун Тыныбеков атындагы облустук филармонияда төкмө акын Абдыкайым Ашымовдун отчёттук кечеси өтөт. Бул тууралуу кечеге  катышуучу, төкмө акын Азамат Болгонбаев билдирди. Ал эми КРнын Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин Жалал-Абад облусундагы өкүлү Рахматулла Козукеевдин айтымында, Жогорку Кеңештин "Республика" фракциясынын депутаты Малик Осмонов Абдыкайым Ашымбаевдин өнөрүн баалап, ага белекке автоунаа берет. Азырынча унаанын үлгүсү белгисиз. “Бул өткөрүлө турган кечеге Жалал-Абад мэриясы, облустун мамлекеттик администрациясы жана башкалар колдоо көрсөтүп жатат”, - дейт Р.Козукеев.    

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан