Тажикстандын саламаттыкты сактоо министри жана бир катар жетекчилер президенттин туугандары тарабынан сабалды

Тажикстандын президенти Эмомали Рахмондун жээндери өлкөнүн саламаттыкты сактоо министри баш болгон бир катар доктурлар менен жетекчилерди сабап кетишти. Бул тууралуу аталган өлкөнүн жергиликтүү басылмалары жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, президенттин туугандарынын мындай кадамы жакында эле коронавирус илдетинен улам каза болгон президенттин карындашы Курбонби Рахмонованын өлүмүнө байланыштуу болгон.

Аталган окуянын жыйынтыгында өлкөнүн саламаттыкты сактоо жана калкты социалдык жактан коргоо министри Жамолиддин Абдуллозода менен президенттин алдындагы медициналык борбордун жетекчиси Холмахмад Рахимзоданын оор жаракат алышканын ички иштер башкармалыгы кабарлаган.

Эскерте кетсек, президент Эмомали Рахмондун бир тууган карындашы Курбонби Рахмонова 20-июлда коронавирус илдетинен улам көз жумган. Жергиликтүү басылмалардын маалыматына караганда, Курбонби Рахмонова президенттин алдындагы медициналык борбордо дарыланып жаткан. Ошондой эле ал үчүн атайын Германия, Орусия жана Тажикстандын өзүнөн тажрыйбалуу адистер чакыртылган.

Ошол эле учурда жергиликтүү маалымат булактарынын бири президенттин карындашынын өлүмүнөн эки саат мурун чет элдик адистер жергиликтүү доктурлардын бейтапты дарылоо ыкмасын туура эмес деп аташканын жазып чыккан.

Учурда аталган окуяга байланыштуу иликтөө иштери башталганын, бирок азырынча окуяга байланыштуу эч ким кармалбаганы айтылды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (8)
Dembele84
2021-07-27 11:16:10
Ит мышык болгула !
+10
Alfiya
2021-07-27 11:30:23
Бирок чындап эле оз ишин жакшы билбеген врачтардын айынан канчалагандар олуп кетти
+3
Rifle_I
2021-07-27 12:59:33
Alfiya,өз билбеген врачтар дагы 5-10 жылда толот Кыргызстанда.
Уу коргошун кайнатып ичип каласыңар.
+5
bond02
2021-07-27 11:35:40
Откондо эжеси деп жаздынар беле?
+4
Datka7777
2021-07-27 19:35:28
bond02,боло берет
-1
Egizderim-baktim
2021-07-27 12:00:33
Ажал келсе оорубай эле олмок да мынча карангы эл болбосо булар тообо кылдым
+5
Ala.too.456
2021-07-27 13:31:46
Ошонун ордуна рахмон эле кете бербептирда, жер бетин булгабай....
+6
nazira...
2021-07-27 20:11:17
Тооба,
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан