Британиялык рок-музыкант "TheRollingStones" тобунун мүчөсү өзүнүн туулган күнүндө боз үйдүн жанындагы сүрөтүн жарыялады. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазып чыкты.
Маалыматка ылайык, ырчы сүрөттү өзүнүн туулган күнүндө социалдык тармактагы баракчасына жарыялаган.
Мик Жаггердин боз үйлөргө болгон сүйүүсү 2013-жылы башталган. Музыкалык фестиваль учурунда ырчы өзү үчүн боз үйдү 4 миң 500 долларга ижарага алган. Боз үйдүн жасалгасы жана ичиндеги шарттары 5 жылдыздуу мейманканалардан кем калган эмес.