Биз социалдык тармакта

Токтогул ГЭСин реабилитациялоо: Салмагы 76 тонна болгон жаңы шайман өлкөгө алып келинди

“Токтогул ГЭСин реабилитациялоо” долбоорунун алкагында алмаштырылып жаткан Токтогул ГЭСинин гидроэлектростанциясынын жаңы шайманы Кыргыз өлкөсүнө алып келинип, ГЭСтин өзүнө жөнөтүлүп жатат. Бул тууралуу Электр станциялары ААКсынын басма сөз кызматынан кабарлады.

"Гидроагрегаттарды алмаштыруу Кыргыз өлкөсүнүн энергетикалык тутумунун флагманынын ишенимдүүлүгүн жогорулатат. Жаңы шайман Кытайда GE Hydro атайын заводунда чыгарылат. Диаметри 5,5 метр, бийиктиги 2,4 метрден жогору, салмагы 76 тонна", - деп билдиришти аталган мекемеден.

Гидроагрегаттын жумушчу шайманы өндүрүш ишканасынан Кыргыз өлкөсүнө атайын жабдыктардын жардамы менен жеткирилген.

Станциянын төрт гидроагрегатын тең алмаштыруу ишин 2025-жылы аяктоо пландалууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
make2
2021-07-28 01:03:27
Камаз 76 тоннаны көтөро албайт, 7 тонна болушу мүмкүн
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан