Бишкектин вице-мэри Жамалбек Ырсалиев жол кырсыгына кабылды. Ал Асан Мансуров жана Самара Каримова менен бир унаада келе жаткан

Бишкектин вице-мэри Жамалбек Ырсалиев жол кырсыгына кабылды. Ал унаада ырчы Самара Каримова менен жолдошу Асан Мансуров дагы чогуу келе жаткан. Бул тууралуу жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгындагы өздүк булактар тарабынан белгилүү болду.

Маалым болгондой, 26-июлда болжол менен эртең мененки саат 06:00 чамасында Бишкек-Ош унаа жолунун 217-чакырымында Тойота Альфард унаасынын айдоочусу уктап кетип, бетон тосмону сүзүп алган.

"Унаада Асан Мансуров, Самара Каримова, Жамалбек Ырсалиев жана Т.Э., М.А.аттуу айымдар бара баткан. Айдоочу уктап кетип, рулга ээ боло албай бетон тосмону сүзгөн. Кырсыктын кесепетинен 4 адам Токтогул аймактык ооруканасынын хирургия бөлүмүнө жаткырылса, 1 жүргүнчү кайра жандандыруу бөлүмүндө жатат"

Аталган факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реeстрине катталып, териштирүү иштери башталды", - дешти өздүк булактар.

Кечээ Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Самара Каримова менен жолдошу Асан Мансуров жол кырсыгына кабылганы маалым болгон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан