Биз социалдык тармакта

Бактыбек Кудайбергенов Бишкекте 22 миллион еврого таштандыларды кайра иштетүү заводу курула турганын айтты

Бүгүн, 27-июль күнү Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруучу Бактыбек Кудайбергенов маалымат жыйын өткөрүп, журналисттердин суроолоруна жооп берди.

Анда мэрдин милдетин аткаруучу борбор калаадагы эски таштанды полигону жабылып, калыбына келтирүү иштери улантылып жаткандыгын билдирди. Ал эми жаңы санитардык полигондун курулушу башталган. Таштандыларды кайра иштетүүчү заводдун курулушу Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкына бир этаптуу тендерди бекитүү жана жаңы тендердик сунуштарды иштеп чыгуу өтүнүчү жөнөтүлгөн.

Аталган долбоор Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын насыясынын жана Европа биримдигинин гранттарынын эсебинен каржыланат, инвестициялардын көлөмү 22 миллион евро, анын ичинде 11 миллион евро насыя жана 11 миллион евро гранттык негизде.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Rifle_I
2021-07-27 12:52:03
Адилди кетирип ордуна тааныш билиш келдибм порядок болгондон кийин?
0
Kari
2021-07-27 15:21:53
Вторсырье туштуко да бирди куруу керек.Ото жакшы болуптур.Пленкалар,пластиктер,картондор ар кай жерде чачылбай,эл керегине жараган буюмга айланат.Бул идея менде да бар болчу.Каражат анан чечим жетишпей жаткан
-1
Dembele84
2021-07-27 15:52:10
Айта берсе иш коп,кылганы келгенде бироосу жеп камалат или алмашат.Ошентип тегеренип эч нерсе бутпой журо берет
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан