Бүгүн, 27-июлда президенттин алдындагы Коррупциялык кеңеши бизнес коомчулугу менен жолугушуу өткөрүүдө.
Жолугушууда Антикоррупциялык кеңештин башкы катчысы Нуруйпа Муканова аталган кызматтын негизи максатын бизнес коомчулугуна түшүндүрдү.
"Антикоррупциялык кеңештин негизги максаты - ишкерликтин кайсы тармагында коррупция бар болсо, аны аныктоо, ишкерлерди коррупциядан арылтуу. Аларга иштегенге мүмкүнчүлүк түзүп берүү.
Ошондой эле коррупцияга каршы аракеттенүү маселелери боюнча мамлекеттик бийлик органдары менен жарандык коомдун ортосундагы натыйжалуу диалогду камсыз кылуу", - деди Муканова.
Белгилүү болгондой, президентке караштуу антикоррупциялык ишкердик кеңеши түзүлгөн. Нуруйпа Муканова Антикоррупциялык ишкердик кеңешинин башкы катчысы болуп дайындалганы маалымдалган.