Nokia компаниясы белгилүү 6310 үлгүсүндөгү телефонун кайрадан чыгарды

Nokia брендине ээлик кылган HMD Global компаниясы Nokia 6310 үлгүсүндөгү телефонун кайрадан сатыкка чыгарды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыкты.

Маалыматка ылайык, Nokia 6310 телефонунда мобилдик интернет жок, бирок FM-радио, 0.3 мегапикселдик сапатка ээ камера, Bluetooth 5.0 кызматы жана Nokia брендиндеги телефондор аркылуу белгилүү болгон "Жылан" оюну бар. Телефондун оперативдик эс тутуму 8 мегабайт, бирок 32 гигабайтка чейинки көлөмдө MicroSD картасын салып колдонсоңуз болот. Ошондой эле 1150 мАч батареясы бир жумага чейин иштөө өзгөчөлүгүнө ээ.

Жаңы Nokia 6310 телефону корпустун формасы, түсү, баскычтары жана дисплейдин көлөмү жагынан баштапкы оригиналынан кыйла айырмаланат. Учурда аталган телефон Орусияда жашыл, кара жана сары түстө сатыкка чыга баштады.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Kari
2021-07-27 15:18:11
Зарядкасы 1 жумага жетсе,узак жолдо байланышка ынгайлуулугу бар .Бирок интернеттин жоктугу сайттардан байланышканга мумкун эместиги.
+1
Rifle_I
2021-07-27 15:28:40
Телефондун оперативдик эс тутуму 8гб?
Кабарды жазганда бир аз технологияны түшүнүш керек. Оперативдик эс тутуму 8гб болсо анда бул азыркы алдыңкы смартфондордон да күчтүү болуп кетет экен да. Оңдоп койгула.
-4
munduz2016
2021-07-27 19:02:59
Rifle_I,8мб деп турат го
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан