Италияда көлөмү алмадай болгон мөндүр жаады (сүрөт)

Италиянын түндүгүндө жайгашкан Эмилья-Романья облусунда катуу мөндүр жаап, анын кесепетинен жүздөгөн унаалар зыянга учурады. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.

Маалыматка ылайык, дүйшөмбү күнү түштөн кийин аталган аймакта катуу нөшөр башталган. Көп өтпөй ал чоңдугу алманын көлөмүндөй болгон мөндүр менен коштолуп, Пьяченца жана Парма шаарларын байланыштырган А1 трассасындагы жүздөгөн унааларга зыян алып келген. Унаалардын көпчүлүгүнүн айнектери талкаланып, айрым бөлүктөрү жараксыз абалга келген.

Ошондой эле мөндүрдүн кесепетинен шаардагы имараттар да ар кандай зыянга учураган.

Мөндүр жааган учурда өтө чоң эмес жол кырсыктары да катталган. Бактыга жараша, мөндүрдөн жаракат алган адамдар катталган эмес.

Италияда көлөмү алмадай болгон мөндүр жаады
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Beka1986
2021-07-27 23:05:16
Мамма мия дейтго))))
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан