Азиз Батыров шакирттери менен Стамбулда концерт берет

Маданияттын мыкты кызматкери, ырчы, дастанчы Азиз Батыров шакирттери менен Түркиянын Стамбул шаарында концерт берет. Бул тууралуу ырчынын менеджери Умар Эсенгулов SUPER.KG порталына билдирди.

"Азиз Батыров "Ынтымак" тобунун 10 мүчөсү менен Түркияга эл аралык фестивалга катышуу менен бирге эле ошол жактагы мекендештерге концерт коюу максатында кеткен. Фестивалда 1-орунду алып, азыр концерттери дагы ийгиликтүү өтүүдө. 24-июлда Анталья шаарында, 26-июлда Текирова районунда 31-июлда Стамбул шаарында өтөт. Концертте Азиз Батыров өзү ырдап, аны шакирттери, ырчы Бексултан Алимбеков коштойт. Түркияда иштеп, окуп жүргөн мекендештерибизди концертке чакырабыз. Мекенге болгон сагынычты аз да болсо таркатып кетишсе деген тилек. Дагы бир айта кетчү жакшы жаңылык, Азиз Батыров эл аралык фестивалды жеңгенден кийин "Кутман Эл" эл аралык бирикмесинин төрайымы Түркияга атайын учуп барып, "Эл кадырманы" төш белгисин тапшырды", - дейт Эсенгулов.



РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан