Кувейттик 57 жаштагы спортчу Абдулла Альрашид Токиодо өтүп жаткан Олимпиада оюндарында коло медалга ээ болду.
Маалыматка ылайык, спортчу туруп ок атуу боюнча 3-орунду алган. Спорттун аталган түрүндө алтын медалды америкалык Винсет Хэнкок жаңы рекорд (59 упай) коюп утуп алган. Ал эми экинчи орунду даниялык Йеспер Хансен алган.