"Элиза үй буюмдарынын" өкүлдөрү алдамчылыкка шектелип кармалды

Бишкекте алдамчылыкка шектүүлөр кармалды. Бул боюнча Свердлов РИИБинин маалымат кызматынан билдиришти.

Билдирүүгө ылайык, Бишкек шаарынын Свердлов райондук ички иштер башкармалыгына М.М. аттуу жаран кайрылып, Э. аттуу аял алдамчылык жолу менен ишенимине кирип, "Элиза үй буюмдары" тобундагы абоненттик номурлардан акчасын көбөйтүп берүүнү айтып, акча каражатын алган. Ошондой эле "Элиза үй буюмдарынын" өкүлдөрү каржы пирамидасынын уюштуруучулары болуп саналган.

Аталган факты Свердлов РИИБинин Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине (Каржы пирамидаларын уюштуруу, башкача айтканда, анын иштешине шарт түзүү. Ага катышуу же финансылык пирамиданы пайдалануу менен финансылык активдерди өстүрүү. Өзгөчө ири өлчөмдө киреше алуу менен байланышкан каржы пирамидасынын ишин уюштуруу жана башкаруу) менен катталган.

Тергөө иш-чараларынын жүрүшүндө Бишкек шаарынын Свердлов РИИБинин криминалдык милиция кызматынын ыкчам кызматкерлери тарабынан кылмышка шектелип 1997-жылы туулган Э.Б кызы1994-жылы туулган М.О. уулу кармалды. Алар убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Эске сала кетчү жагдай, жапа чеккен жана кандайдыр бир маалыматка ээ болгон жарандар төмөнкү номерлерге байланышса болот: 0553 08-75-57, 0701 00-61-06, 0706 51-51-54 Свердлов РИИБинин нөөмөт бөлүмү: 0312 43-32-75.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
Siren90
2021-07-27 17:20:08
Ырчы-чоорчу, блогерлер деле рекламалап жатат го бул Элиза үй буюмдар дегенин, кире калсан эле акча сал дешет
+14
talas0707
2021-07-27 18:06:19
Мындай оюндарды токтоттуу керек. Канча адам ишенип алган. Биринчилер жазылгандар алат калгандары калат
+6
sabyr86
2021-07-27 18:10:40
Сейф бизнес деп далай элдин акчасын жеп кетишти аларга эмнеге кылмыш козголбойт.
+12
Topcubai
2021-07-27 18:46:24
Ырас эле болуптур
+5
nurka_85
2021-07-27 22:23:27
Тажатышты эле ушулар,
+5
Ozgocho111
2021-07-27 22:27:57
Мыйзам чегинде жоопко тартылсын, боюнда бар аял экен кудайдан коркпойбу
+4
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан