Германиянын Леверкузен шаарындагы химиялык заводдордун биринде чоң жарылуу болду. Бул тууралуу жергиликтүү басылмалар кабарлашты.
Маалыматка ылайык, жарылуу Леверкузен шаарында жайгашкан Байер химиялык заводунун өнөр-жай калдыктарын өрттөөчү жайында 27-июль күнү эртең менен катталган. Социалдык тармактарга жарыяланган видеолордо заводдон уюлгуп чыгып жаткан кара түтүндү көрүүгө болот.
Шаардык полиция кызматы кырсыктан жаракат алгандар бар экенин билдирди.
Ошондой эле полиция кызматкерлери аталган аймакта кооптуулук сакталып тургандыктан жарандарды зарылчылыгы жок үйдөн чыкпоого жана терезе, эшиктерди ачпоого чакырды. Муну менен катар кырсыкты жайгаруу үчүн иш алып барып жаткан кызмат унааларына тоскоолдук жаратпоо керектигин кошумчалады.
Ал эми жарылууга эмне себеп болгону азырынча белгисиз.