УКМК эл аралык террордук уюмдун активдүү мүчөлөрүнүн ишмердүүлүгүнө бөгөт койду. Бул тууралуу аталган кызматтан билдиришти.
Билдирүүгө ылайык, Бишкек шаарында террордукка каршы жүргүзүлүп жаткан иш-чаралардын алкагында, "ИГИЛ" эл аралык террордук уюмга тиешеси бар чет элдик жарандардын тобунун ишмердүүлүгүнө бөгөт коюлган.
Аталган чет элдик жарандар А.Т. жана Д.Н. кийинчерээк "ИГИЛ" эл аралык террордук уюмуна ант беришип, террордук акцияларды уюштуруу максатында Кыргыз Республикасынын калкынын диний бөлүгүнүн арасында үгүт иштерин жүргүзүшүп, жакынкы аралыкта Сириянын куралдуу чыр-чатак аймагына жиберүүнү көздөшкөн.
Азыркы учурда УКМК эл аралык террордук уюмдун ишмердүүлүгүнө тиешеси бар жарандарды аныктоо боюнча ыкчам иликтөө иштерин улантууда.