Сүлүктүдө “телефонумду кубаттап алайын” деп кирип, үй ээсинин акчасын уурдап кеткенге шектүү кармалды

Баткен облусунун Сүлүктү шаарында уурулук фактысынын бети ачылды. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, шектүү жабырлануучунун үйүнө “телефонумду кубаттап алайын” деп кирип, акчасын уурдап кеткен.

"Сүлүктү шаарында 26 жаштагы келин үйүндөгү баштыгынан 10 миң 500 сом акчасын жоготконун айтып, милицияга кайрылган. Бул факты каттоого алынып, сотко чейинки өндүрүш иши башталган.

Кылмыштын изи сууй электе милиция кызматкерлери мурда сот жообуна тартылган 21 жаштагы Ж.К. аттуу тургунду өзү жашаган үйүнөн кармашкан. Тергөөнүн жүрүшүндө шектүү арыз ээсинин үйүнө “телефонумду кубаттап алайын деп кирип, үй ээсинин акчасын уурдап кеткен. Азыркы күндө акчанын толук суммасы арыздануучуга кайтарылып, тергөө иштери уланууда", - деп жазылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан