Ушул жылдын февраль айында Пакистандагы К2 чокусун багындыруу үчүн сапар алган бойдон дайынсыз болуп жаткан 3 альпинисттин сөөгү табылды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Альпинисттер 5-февралда бийиктиги боюнча дүйнөдө Эвересттен кийинки 2-орунда турган К2 чокусун (Чогори чокусу) багындыруу үчүн жолго чыгышкан. Командада 3 альпинист, тагыраагы Пакистандын эл баатыры аталган Али Садпара, исландиялык альпинист Жон Снори жана чилилик альпинист Жуан Пабло Мохр болгон. Кийин белгисиз себептерден улам алар менен болгон байланыш үзүлүп, издөөгө алынган.
Пакистан альпинизм клубунун секретары Карар Хайдей альпинисттердин жансыз денеси аталган тоонун 7600 метр бийиктигинен дрондордун жардамы менен табылганын билдирди.
Ошондой эле Хайдей исландиялык жана чилилик альпинисттердин сөөгү өз өлкөлөрүнө жиберилерин кошумчалады.
Белгилей кетсек, К2 чокусу кооптуу табиятынан улам "жырткыч тоо" деп да аталып келет. Аталган чокуга чыккан непалдык альпинисттердин ийгилигине чейин жасалган бир канча аракеттер натыйжасыз болуп келген.