Индиянын Уттар-Прадеш штатында жынсы шым кийгени үчүн үй-бүлөсү тарабынан сабалган 17 жаштагы Неха Пасван аттуу кыз өз жанын кыйды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.
Маалыматка ылайык, Неха Пасван жакын жердеги бир көпүрөдө асынган абалда табылган. Ал өткөн аптада үй-бүлөсү тарабынан катуу сабалган. Ага Неханын үй-бүлөсүнүн жынсы шым кийүүнү жактырбагандыгы себеп болгон.
Кыздын апасы Шакунтала Деви кызды атасы менен таекелери урганын жана абалы оорлошуп кеткендиктен, дароо ооруканага жеткиришкенин айтты. Ошондой эле ооруканада доктурлар кызы менен жолугууга уруксат бербей койгонун кошумчалады.
Ал эми жергиликтүү полиция кызматы кыздын өлүмүнө шектүү катары атасы баш болгон бир катар туугандарынын кармалганын билдирди.
Белгилей кетсек, Индиянын көптөгөн аймактарында аялдардын кийимдерине, барган жерлерине, ал тургай сүйлөгөн сөздөрүнө байланышкан ар кандай чектөөлөр көп жылдардан бери уланып келет. Мындай тыюу салуулардын арты өлүм менен коштолгон учурлар да көп катталган.