Ошто 15 жаштагы кызын куткарам деп апасы жана анын сиңдиси сууга чөгүп кетти

Ош облусунун Кара-Суу районуна чөгүп кеткен 2 аял бир тууган эже-сиңдилер болушкан. Бул тууралуу Ош ОИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, алар Ак-Буура дарыясына чөгүп кетишкен.

"Бүгүн, 27-июлда бир туугандар 15 жаштагы кыз менен Ош шаарынан Кара-Суу районуна караштуу Төлөйкөн айыл аймагындагы Ак-Буура суусуна эс алууга барышкан. 2006-жылы туулган М.К. аттуу кыз суунун жээгинде жүрүп сууга агып кеткен. Аны көргөн 1983-жылы туулган апасы жана анын 1985-жылы туулган сиңдиси сууга секирип, кызды куткарууга аракет кылып жатканда чөгүп кетишкен. Жансыз денелерди милиция кызматкерлери суудан алып чыгышкан", - деп билдиришет басма сөз кызматынан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
gulia90
2021-07-27 20:56:39
Ото окунучтуу(((
+9
algakaray
2021-07-27 21:17:45
Айабай жаман жанылык. Сууга чокту, автокырсык деген жанылык кобойду
+9
aslonur
2021-07-27 21:27:01
Бечара кыз, өмүр бою өзүнү күнөөлүү сезип өтөт эми кыйналып
+3
Mart19
2021-07-28 18:05:44
aslonur,кыз тируу калыпбы?
0
Aza2100
2021-07-27 22:16:04
Аллахым бейишинен орун берсин.
+5
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан